Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-октябры № 114-р
Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл жарым ай коомунун Нарын региондук өкүлчүлүгүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл жарым ай коомунун Нарын региондук өкүлчүлүгүнө Нарын шаары, Турдубаев көчөсү, 37 дареги боюнча жайгашкан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурдагы психо-наркологиялык жана лор бөлүмүнүн мамлекеттик имаратын 10 жыл мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл жарым ай коомунун Нарын региондук өкүлчүлүгү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик имаратты пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кайра берсин.
3. Бул тескеменин аткарыдышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |