Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-октябры № 120-р
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 146 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүүнү жана пайдаланууну техникалык жабдуулар менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматына белгиленген тартипте атайын каражаттардын эсебинен бирден полиграф аппаратын сатып алууга уруксат берилсин.
2. Полиграф аппаратын сатып алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы белгиленген тартипте сатып алынган полиграф аппараттарын тестирлөө максаттарында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын балансына өткөрүп беришсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |