Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-октябры № 122-р
2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын чечиминин негизинде, «Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын төш белгиси менен сыйланган, 2010-жылдын 6-7-апрелинде республиканын аймактарында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуяларда курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептеги каражаттардын эсебинен «Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын төш белгиси менен сыйлангандарга бир жолку материалдык жардамды төлөө үчүн Кмргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына 5000000 (беш миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы тиркелген тизмеге ылайык бир жолку материалдык жардам төлөөнү жүргүзсүн.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын идеологиялык иш жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |