Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 9-октябры № 125-р
2010-жылдын июнь-июлунда жүргүзүлгөн Бишкек шаарынын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аэропортторунун арасында балдарды, качкындарды, атайын контингентти өз убагында ташууну камсыздоого, ошондой эле гуманитардык жүктөрдү иштетүүгө, сактоого, бөлүштүрүүгө жана жеткирүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 10030000 (он миллион отуз миң) сом суммадагы каражатты төмөнкүдөй максаттарга бөлүп берсин:
- 1664100 (бир миллион алты жүз алтымыш төрт миң жүз) сом - «Кыргызстан» авиакомпаниясы» ачык акционердик коомуна 2010-жылдын июнь-июлунда балдарды, атайын контингентти, гуманитардык жүктөрдү ташыгандыгы үчүн карызды жоюуга;
- 8365900 (сегиз миллион үч жүз алтымыш беш миң тогуз жүз) сом «Компания Манас Менеджмент» жабык акционердик коомунун жүк терминалынын көрсөткөн кызматтарына акы төлөөгө.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги «Кыргызстан» авиакомпаниясы» ачык акционердик коомуна жана «Компания Манас Менеджмент» жабык акционердик коомуна көрсөткөн кызматтары үчүн 10030000 (он миллион отуз миң) сом акча каражатты төлөсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |