Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 11-октябры № 127-р
Кыргыз Республикасынын калкынын аялуу катмарын социалдык коргоонун институттук механизмдерин өркүндөтүү максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Элебесов Б.Д. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Ташпаева Н.А. | -«Талдоо жана баалоо борбору» Коомдук фондусунун программалык директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун мүчөсү:
Соронкулов Г.У. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Мамбетов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Жолдошева Н.К. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары; |
Мукашев К.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социал- дык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин дирек- торунун орун басары; |
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- калктын аялуу катмарын социалдык коргоонун институттук механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- жогоруда аталган сунуштарды кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар менен кеңири талкуулоону уюштурсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |