Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 21-октябры № 142
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- глаукониттин касиеттерин аныктоо, жер семирткич жана тоютка кошунду катары пайдалануу үчүн башка минералдарга аралаштыруу жолу менен даяр аралашмаларды жасоо жана аларды өндүрүү технологиясы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзсүн;
- техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) жана глауконит кенин иштетүүгө сарптоолордун сметасынын долбоорун түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- А.Дүйшеев атындагы Мал чарбачылык жана жайыт илим изилдөө институтунун базасында глаукониттин тоюттук кошунду катары айыл чарба жаныбарларынын организминин жалпы абалына жана иммундук статусуна таасирин аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзсүн жана агроруданы жаныбарларды багууда пайдалануунун зыянсыздыгы жөнүндө корутунду берсин;
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында глаукониттин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө таасирин аныктоо боюнча лабораториялык жана талаалык изилдөөлөрдү жүргүзсүн жана аны жер семирткич катары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-жылга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин;
2) республикалык бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөөлөрүнө 1874400 (бир миллион сегиз жүз жетимиш төрт миң төрт жүз) сом бөлсүн, анын ичинде:
- 2010-жылга - 435000 (төрт жүз отуз беш миң) сом;
- 2011-жылга - 1439400 (бир миллион төрт жүз отуз тогуз миң төрт жүз) сом.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |