Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 21-октябры № 144-р
1. Туристтик тармактагы мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Муралиев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Мураталиев Б.Б. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин мүлк мамилелери департаментинин директорунун орун басары; |
Үмөталиев А.С. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин кеңешчиси; |
Халитов М.Г. | - Кыргызстандын ишкерлер союзунун туризм боюнча кеңешинин төрагасы, Кыргызстандын ишкерлер союзунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Казаков Д.Б. | - «Борбор Азия туристтик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Кирик В.Н. | - Парус спорту федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Ахматова Г.Н. | - Эл аралык ишкер кеңешинин улук юристи (макулдашуу боюнча); |
Акелеев А. | - Бишкек ишкер клубунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Сыдыкова А.К. | - Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Ражиев А.Ж. | - Кыргыз коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Беделбаев Н.А. | - Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Каликова Г. | - «Мамлекеттик жеке ишкердикти илгерилетүү боюнча борбор» коомдук фондунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Токтомамбетова З. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин секретариатынын экономикалык жана финансылык эксперти (макулдашуу боюнча); |
Айылчиев А.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги; |
Садырбаев Р.З. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |
2. Жумушчу топко зарыл учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамадминистрациялардын адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
3. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө иштин жыйынтыктары боюнча туристтик тармактагы мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |