Редакцияот 21.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 21-октябры № 145-р

Нарын облусунун Кочкор районунун Молдо-Кылыч айылындагы жалпы билим берүү мектебинин имаратын Нарын облусунда 2006-жылдын декабрында жана 2010-жылдын мартында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз болуп калган имараттын ордуна курууну тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш жана оңдоо башкармалыгына - курулуштун заказ берүүчүсүнө Нарын облусунун Кочкор районунун Молдо-Кылыч айылында 192 орундуу жалпы билим берүү мектебин долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууну жүргүзүүгө уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган мектепти параллелдүү долбоорлоого жана курууга белгиленген тартипте уруксат берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш маселелери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева