Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 10-январындагы № 2-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-октябры № 151-б
«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин комплекстүү жана натыйжалуу өздөштүрүүдө жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөдө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүүнү жарыяласын.
2. «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн конкурс өткөрүүнүн тиркелген Тартиби бекитилсин.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |