Редакцияот 29.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 29-октябры № 155-р

"Автомобилдик жолдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:

- 2010-жылга жана андан аркы жылдарга республикалык бюджетте автомобилдик жолдорду оңдоо жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган финансылык каражаттардын эсебинен жана алардын чегинде Жалал-Абад облусунун Аксы районунун узундугу 15 км болгон Ак-Суу - Тегене автомобилдик жолун оңдосун;

- оңдоо иштери аяктагандан кийин жогоруда аталган автомобилдик жолду оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева