Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-июлу № 1-1
Кыргыз улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Темирбеков Марлен Болоталиевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Садык Ше-Нияз
| - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, комиссиянын төрагасы; |
Комиссия мүчөлөрү:
Өмүркулов И.Ш.
| - Бишкек шаарынын мэри; |
Бегалиев М.А.
| - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
|
Саламатов Т.С.
| - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
|
Үсөнбаев М.А.
| - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
|
Оторбаев К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Сейталиев Т.
| - СССРдин эл артисти (макулдашуу боюнча);
|
Айтыгулов К.
| - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
|
Мураталиев Т.
| - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
|
Турсунов А.
| - «Турсуновдун архитектуралык студиясы» ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча). |
2. Жарандык коштошуу ырасымы 2010-жылдын 30-июлунда саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлсүн.
3. Сөөк Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө коюлсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
А. Муралиев |