Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 28-июлу № 9-б
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, ошондой эле 2010-жылга Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жергиликтүү бюджеттеринин учурдагы чыгымдарын өз учурунда каржылоо максатында:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү сунушталсын:
- учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты;
- алынбай калган кирешелерди эске алуу менен 2010-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча күтүлгөн аткарууну.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары берген маалыматка ылайык, 2010-жылы алынбай калган кирешелерди компенсациялоого каражаттарды издеп тапсын жана Ош менен Жалал-Абад шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине бөлүп берсин;
- белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Р.Отунбаева |