Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-июлу № 10-р
"Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коомунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө максатында, банкрот жол-жобосун токтотуу мүмкүндүгүн кароо үчүн:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Примов А.А. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Касейинов К.У. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Майкозов К.А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Манаев А.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусунун өнөр жай кредиттерин кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;
Новиков В.В. - "Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коомунун эмгек жамаатынын демилгелүү тобунун лидери (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ "Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коомунун банкрот жол-жобосун жүргүзүү процессинде түзүлгөн кырдаалды иликтесин жана жүргүзүлгөн иштин натыйжасы боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна он күндүк мөөнөттө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алууга жана жардам алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |