Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-июлу № 12-р
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы үчүн 2010-жылдын 31-июлу жумушчу күн деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Борбордук казыналыктын агенттерине 2010-жылдын 31-июлу жумушту күн деп жарыялоо сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |