Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 2-августу № 15-р
Бишкек шаарынын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аэропортторунун ортосунда балдарды, качкындарды, атайын контингентти өз учурунда ташууну жана гуманитардык жүктү жеткирүүнү камсыздоо менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине республикалык бюджеттен 24 903 853 (жыйырма төрт миллион тогуз жүз үч миң сегиз жүз элүү үч) сом суммасындагы акчалай каражат бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 24 903 853 (жыйырма төрт миллион тогуз жүз үч миң сегиз жүз элүү үч) сом суммасындагы акчалай каражат республикалык бюджеттин учурдагы дефицитин жабуу үчүн жумшалсын;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги 24 903 853 (жыйырма төрт миллион тогуз жүз үч миң сегиз жүз элүү үч) сом суммасындагы акчалай каражатты көрсөткөн кызматтары үчүн авиаташуучуларга төлөп берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |