Редакцияот 02.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 2-августу № 16-р

1. 2010-жылдын 26-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин - парламентин жайгаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине ылайык:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратындагы ремонттоо - калыбына келтирүү жумуштарын аяктоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өтүп жаткан жылга республикалык бюджеттен 20 000 000 (жыйырма миллион) сом бөлүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмдөгү каражаттар республикалык бюджеттин утурумдук тартыштыгын жабууга жиберилсин;

- «2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу тиешелүү сунушту белгиленген тартипте киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева