КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 4-августу № 19-р
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Тереккан, Перевальное алтын кендерин комплекстүү жана сарамжалдуу иштетүүгө инвестицияларды тартуу жана Терексай аянтын геологиялык изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, комиссиянын төрагасы;
Стамбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кылжыев С.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Таласбай уулу Акматбек - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин жер казынасын пайдалануу укугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.
2. Комиссия он күндүк мөөнөттө:
- Тереккан, Перевальное алтын кендерин иштетүү жана Терексай аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- болуучу конкурс жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |