Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 5-августу № 21-р
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 32-б, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 537-б буйругунун редакциясына ылайык)
2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калкын колдоо жана турак үйлөрдү, социалдык-маданий багыттагы объекттерди, инженердик инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү үчүн Казакстан Республикасынан келген гуманитардык жардамды өз убагында кабыл алууну жана максаттуу пайдалануунун камсыз кылуу максатында:
1. Төмөнкүдөй түрдө гуманитардык жүктөрдүн алуучулары аныкталсын:
курулуш материалдарын - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция;
тамак-аш азык-түлүктөрүн жана жуучу самын каражаттарын - жүктү андан ары Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
катуу отунду (көмүрдү) - Бишкек шаарынын ТЭЦи.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" менен бирдикте гуманитардык жүктү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактары аркылуу өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүктү алуучулардын билдирмелерине ылайык гуманитардык жүктөрдү темир жол станцияларынан багытталган жерлерине чейин ташып жеткирүү үчүн зарыл сандагы техникалык каражаттарды бөлүп берүүнү уюштурсун.
4. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция алынган курулуш материалдарын кабыл алуу жана сактоо үчүн кампаларды аныктасын, жүктөө жана түшүрүү жана сакталчу жерлерине чейин жеткирүү жумуштарын камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тамак-аш азык-түлүктөрү жана жуучу самын каражаттары түрүндөгү гуманитардык жүктөрдү темир жол станцияларынан багытталган жерлерине чейин ташып жеткирүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 537-б буйругунун редакциясына ылайык
7. 2010\2011-жылдардын күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Казакстан Республикасынан гуманитардык жардам катары алынган көмүрдү энергокомпаниялардын ортосунда бөлүштүрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери гуманитардык жүктөрдүн тоскоолдуксуз ташылып киргизилишин камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы гуманитардык жүктүн (230318,314 тонна өлчөмүндөгү көмүрдүн) бажылык жол-жоболонушун камсыз кылсын жана Бишкек шаарынын ТЭЦин Казакстан Республикасынан, андан ары пайдалануу үчүн, гуманитардык жардам катары алынган көмүргө шарттуу чегерилген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 32-б буйругунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик социалдык агенттик гуманитардык жүктөрдүн жер-жерлерде жол-жоболонушун камсыз кылсын.
11. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |