Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 11-августу № 24-р
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-майындагы № 35 «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү чектөө жөнүндө» Декретинин 3-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Бишкек ишкердик клубунун аткаруучу директору, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин директорунун орун басары;
- Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасында Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча эл аралык финансы корпорациясынын долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Германиялык техникалык кызматташтыктын туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү программасынын ГТБ долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иштин натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2010-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия зарыл болгондо ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштырууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын адистерин, бизнес-түзүмдөрдүн жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |