Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-августу № 35-р
Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областарында жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ишке тартылган күчтөрдү авиациялык транспорт менен жеткирүү, профилактикалык жана алдын алуучу иш-чарларды жүргүзүү, ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчыларын тамак – аш менен камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 17865000 (он жети миллион сегиз жүз алтымыш беш миң) бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражаттарды республикалык бюджетке аталган чыгымдарды каржылоо үчүн которсун;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |