Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-августу № 36-р
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун имараттарында капиталдык оңдоолорду жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 7000000 (жети миллион) сом бөлүнсүн.
2. Бул тескемепин аткарылышын коптролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |