Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-августу № 38-р
1. «Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүндө гендерлик-инклюзивдик өсүшкө түрткү берүү боюнча региондук техникалык жардам программасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катышуусу жөнүндө (РТП-RЕТА)» Макулдашуу-каттын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |