КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-августу № 54-б
Жергиликтүү жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги кедейчиликти жоюуга көмөк көрсөтүү максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун № TF 090072 грантына карата Макулдашуу-Катка (Айыл инвестицияларынын экинчи долбоору) оңдоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу-Каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун № TF 090072 грантына карата Макулдашуу-Катка (Айыл инвестицияларынын экинчи долбоору) оңдоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу-Каттын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |