КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 3-сентябры № 59-р
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2006-жылдын 27-апрелиндеги «Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Гранттын номери H203-KG) оңдоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы жетишилген сүйлөшүүлөргө байланыштуу жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2006-жылдын 27-апрелиндеги «Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Гранттын номери H203-KG) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2006-жылдын 27-апрелиндеги «Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Гранттын номери H203-KG) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |