Редакцияот 03.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 3-сентябры № 60-б

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2008-жылдын 20-июнундагы «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨА гранты № Н371-КG) жана Кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨА гранты № Н390-КG) оңдоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы жетишилген сүйлөшүүлөргө байланыштуу жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2008-жылдын 20-июнундагы «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨА гранты № Н371-КG) жана Кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨА гранты № Н390-КG) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2008-жылдын 20-июнундагы «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨА гранты № Н371-КG) жана Кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨА гранты № Н390-КG) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-каттын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева