Редакцияот 03.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 3-сентябры № 61-р

Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын объекттерин калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча өзгөчө жардам көрсөтүү тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

 

Имашев Ч.И.

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси,

 

Сатыбалдиев Ж.Ж.

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору,

 

Кемелова Д.А.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары,

 

Майкозов К.А.

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары,

 

Байгөнчөков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,

 

Муканбетов С.Т.

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары,

 

Асаналиева Н.Б.

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын инвестициялар бөлүмүнүн начальниги.

 

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева