КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 6-сентябры № 64-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 656-б тескемесине ылайык "Аllе№&Оvеry" юридикалык компаниясынын эсебине "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (мындан ары-"Кыргызалтын" ААКсы) тарабынан которулган 66185878,12 сом (алтымыш алты миллион жүз сексен беш миң сегиз жүз жетимиш сегиз сом он эки тыйын) суммасындагы акча каражаттары "Аlle№&Overy" эл аралык юридикалык компаниясынын кызматтарына акы төлөө үчүн "Кыргызалтын" ААКсынын алдындагы мамлекеттик бюджеттин дебитордук карызын тындыруу, ошондой эле "Кыргызалтын" ААКсынын 2008 жана 2009-жылдардагы финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары боюнча чегерилген 65264 (алтымыш беш миллион эки жүз алтымыш төрт) миң сом суммасындагы дивиденддердин келип түшүүсүн камсыз кылуу максатында:
1. "Кыргызалтын" ААКсынын 2008 жана 2009-жылдардагы финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары боюнча чегерилген суммасы 65264 (алтымыш беш миллион эки жүз алтымыш төрт) миң сом акционердин - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсептешүү эсебине 2010-жылдын 1-сентябрына чейин үч транш менен - 20,0 (жыйырма) миллион сом, 20,0 (жыйырма) миллион сом жана 25264 (жыйырма беш миллион эки жүз алтымыш төрт) миң сом которуу "Кыргызалтын" ААКсына сунуш кылынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргызалтын" ААКсынын 2008 жана 2009-жылдардагы финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары боюнча дивиденддер катары "Кыргызалтын" ААКсы тарабынан чегерилген акча каражаттары алынган датадан тартып 65264 (алтымыш беш миллион эки жүз алтымыш төрт) миң сом суммадагы акча каражаттарын бир күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын эсебине которсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргызалтын" ААКсынын 2008 жана 2009-жылдардагы дивиденддери катары акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинен алган учурдан кийин ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык "Кыргызалтын" ААКсы тарабынан которулган ар бир траншка тең суммага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигин каржылоону ачсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги бир күндүк мөөнөттө каржылоонун тиешелүү беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ачылган суммага тең акча каражаттарын "Кыргызалтын" ААКсынын эсептешүү эсебине бир күндүк мөөнөттө которсун.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |