Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-сентябры № 66-р
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин, колдоого карата шашылыш жардам көрсөтүү боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Имашев Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси,
|
Сатыбалдиев Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору,
|
Салянова А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри,
|
Артыкбаев О.М. | - Кыргыз Республикасынын энергетика министри,
|
Мамаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы,
|
Сарыбаева Ж.С. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы,
|
Айткулов М.А. | - «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),
|
Артыков А.А. | - «Ош электр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),
|
Авазов С.А. | - «Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),
|
Батаканов М.Т. | - «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),
|
Кулмурзаев Т.Н. | - «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),
|
Молдобаев К.Т. | - «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча).
|
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгүн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |