Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-сентябры № 69-р
Мамлекеттик мүлктү сактоо жана андан ары натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Челпек айылы дареги боюнча жайгашкан, чарбалык курулуштары жана жанаша жаткан жер участогу бар мамлекеттик имаратты Чолпон-Ата шаары, 2-кичи район, Алмакүчүков көчөсү, 41 дареги боюнча жайгашкан, жаран Э.Салиховго жеке менчик укугунда таандык болгон, жанаша жаткан жер участогу бар имаратка белгиленген тартипте алмаштырсын;
- Чолпон-Ата шаары, 2-кичи район, Алмакүчүков көчөсү, 41 дареги боюнча жайгашкан имаратты "Кыргызгипрозем" Кыргыз мамлекеттик жер жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун балансына өткөрүп берсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |