Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-сентябры № 70-р
Гуманитардык жүктөрдү ташууну ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө кырдаалды жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги "Мина Корп Лимитед" компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү авиаташууларды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кайтарымсыз бөлүп берген 245479 (эки жүз кырк беш миң төрт жүз жетимиш тогуз) килограмм өлчөмүндөгү авиаотунду алуу жана бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан оператор болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179 жана 239-беренелерине ылайык ушул тескеменин 1-пунктунда аталган авиаотунду бажылык тариздөө үчүн бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн бошотуу менен, атайын бажы режимине койсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |