Редакцияот 12.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 12-апрели № 40

1. Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтө турган ЕврАзЭБнын алдындагы Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын 65-жыйналышына (2010-жылдын 14-апрели) жана ЕврАзЭБнын Интеграциялык Комитетинин 49-жыйналышына (2010-жылдын 16-апрели) катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Мукаев Эркин  Кеңешович  - Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын иштерине Убактылуу Ишенимдүү адамы;

Усупов Үсөн Макаевич(*) - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Эл аралык бөлүмүнүн эксперти;

Бийбосунов Руслан Мелсович(*) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орунбасары;

Рец Татьяна Борисовна(*) - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын начальниги;

Ибраимова Чынара Искендеровна(*) - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигининтышкы жардамды жана эл аралык кызматташууну координациялоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Көчкөнов Казбек Маматкасымович(*)  - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук Департаментинин биринчи катчысы;

Алканов Райкан Алканович(**) - «ЕврАзЭБ - Кыргызстан» ассоциациясынын иштиктүү кеңешинин төрагасы.

2. Делегациянын мүчөлөрүнүн көрсөтүлгөн жыйналыштарга катышуусу менен байланыштуу чыгымдар 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Иш сапарынын чыгымдарын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

(*) ЕврАзЭБнын алдындагы Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жана ЕврАзЭБнын Интеграциялык Комитетинин жыйналыштарына катышуу (иш сапарынын мөөнөтү 2010-жылдын 13-апрелинен 17-апрелине чейин).

(**) Иш сапарына «ЕврАзЭБ - Кыргызстан» ассоциациясынын иштиктүү кеңешинин каражаттарынын эсебинен жиберилет.

 

            Кыргыз Республикасынын

            Убактылууу Өкмөтүнүн

            Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева