Загрузка документа…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 290 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-апрели УӨ № 132
Талас областындагы Талас шаарынын
мэринин милдетин аткаруучу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык:
1. Мэрди шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Талас шаарынын мэринин милдеттери Койсун Аблабековна Курманалиевага - Кыргыз Республикасынын Талас областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
2. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Талас шаарынын шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна мэрдин жаңы талапкерлиги киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |