Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-сентябры № 76-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 275-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы "финансируемого" деген сөз "финансируемому" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, Дүйнөлүк банк каржылаган "Ишкердикке жана соодага техникалык тоскоолдуктарды азайтуу" долбоору боюнча байкоо кеңешинин курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Дүйнөлүк банк каржылаган "Ишкердикке жана соодадагы
техникалык тоскоолдуктарды азайтуу" долбоору
боюнча байкоо кеңешинин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Байкоо кеңешинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, Байкоо кеңешинин төрагасынын орун басары.
Байкоо кеңешинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин техникалык жөнгө салуу маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин техникалык жөнгө салуу жана өлчөөнүн бирдейлигин камсыздоо маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана өлчөөнүн бирдейлигин камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Аккредитация борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан директорлор гильдиясы" өнөр жайлык иш берүүчүлөр федерациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Базарлар, ишканалар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 166-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |