Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 13-сентябры № 77-р
"Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө координациялоону жана контролдоону камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 566-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоору боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары - региондук мониторинг секторунун башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;
"Бишкек ишкер клубу" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 174-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |