Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 15-сентябры № 80-р
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2010-жылдын 16-18-сентябрында боло турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 47-заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Мамбетов Базарбай Эстебесович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕврАзЭС жана КМШ иштери боюнча улуттук координатору, делегациянын башчысы; |
Үмөталиев Эмил Сатарович | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри; |
Ибраимова Чолпон Ибраимовна | - Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук координатору Мамбетов Базарбай Эстебесовичке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган заседаниесинин чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдарды төлөө командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |