Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-сентябры № 82-р
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык байланышты кеңейтүү жана чыңдоо, экономикалык өнөктөштүктүн жаңы формасын өркүндөтүү, Россиянын базарларында кыргыз товарларын алдыга жылдыруу жана Россия Федерациясында кыргыз товарларынын дайыма иш-аракеттеги көргөзмө-сатууларын уюштуруу максатында:
1. Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун аймагында Кыргыз Республикасынын соода-көргөзмө борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕврАзЭС жана КМШ иштери боюнча улуттук координатору Б.Э.Мамбетовго жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 527 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |