Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-сентябры № 86-р
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташууну өнүктүрүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин жана Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги,
эки мамлекеттин элдеринин ортосунда салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара умтулуп,
жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук, региондук жана башка жаштар уюмдарынын ортосундагы эриш-аркак иштөө жолу менен, тең укуктук принциптин негизинде эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана ишке ашыруу ниетин ырастап,
өз ара тыгыз байланыштарды жана жаштар жаатындагы кызматташтыкты түзүү Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын жаш муундарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө өбөлгө болооруна ишеним артып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук жана региондук жаштар бирикмелеринин, линиясы боюнча жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөт, жаштар кызматташтыгын күчөтүүгө, жаштарды маданий мурастар менен тааныштырууга багытталган алардын демилгелерин, жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга катышуусун жигердүү колдойт.
2-берене
Тарптар түзүлгөн тикелей келишимдин негизинде жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыкты жана байланышты өнүктүрүүнү төмөнкүлөр аркылуу колдойт жана аларга өбөлгө түзөт:
- биргеликте иштөө, өз ара байланышуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- жаштар саясаты жаатында тажрыйба алмашуу;
- жалпы программаларды жана долбоорлорду жайылтууга, Тараптардын аймактарында жаштар жана балдар иш чараларын өткөрүү (съезддерди, симпозиумдарды, конгресстерди, конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, фестивалдарды, форумдарды, брифингдерди, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жолугушууларды) өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
3-берене
Тараптар мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы тикелей байланыштарды, анын ичинде, делегацияларды, өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча маалыматтарды алмашууну, ошондой эле биргеликте иштелип чыккан программалар боюнча иш чараларды өткөрүүнү, бардык деңгээлде өнүктүрүүгө көмөк берет.
Тараптар ушул макулдашуунун максаттарын ишке ашыруу үчүн башка кызыкдар тараптарды тарта алат.
4-берене
Тараптар балдардын жана жаштардын жайкы эс алуусун, каникул мезгилдеринде студенттер жана мектеп окуучуларынын топтору менен алмашуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Тараптар жаштардын көйгөйлөрү менен иштеген эл аралык, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын иши боюнча маалыматтарды жана тажрыйбаларды алмашат, анын ичинде:
- өз мамлекетинде жаштар саясатын жөнгө салуучу мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актылар жөнүндө;
- жаштар саясатын ишке ашыруунун абалы жөнүндө;
- маалымдама-маалыматтык, усулдук жана башка материалдар менен.
5-берене
Тараптар жаштардын турак жай маселелерин чечүүгө багытталган программаларды, ишке орноштурууга байланыштуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөт.
Тараптар жашы жете электерге жана жаштарга психологиялык, юридикалык жана башка жардам берүүчү жашы жете электердин иштери боюнча кызматтардагы, жаштар үчүн социалдык кызмат борборлорундагы, алардын адистешкен түзүмдөрүндөгү тажрыйбалар менен алмашат.
Тараптар студенттик, жаштардын эмгек жана студенттик курулуш отряддарын алмашууну колдойт.
6-берене
Тараптар ушул Макулдашууга ылайык жаштар саясаты жаатындагы биргелешкен иш чаралардын планын жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт.
7-берене
Жаштар жаатындагы алмашуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдердин алкагындагы кызматташуу өз аралык принципте ишке ашырылат, атап айтканда:
- жиберүүчү Тарап командировка боюнча бардык чыгымдарды өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык өзүнө алат;
- кабыл алуучу Тарап болуудагы, анын ичинде жайгаштыруу, тамак-аш, ички транспорттук ташуулар, ошондой эле башка зарыл жардамдар боюнча чыгымдарды өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык өзүнө алат.
8-берене
Бул Макулдашууда камтылган иштердин бардык түрлөрү Тараптардын мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылууга жана Тараптардын мамлекеттеринин бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланууга тийиш.
9-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзүнчө Протокол менен таризделүүчү, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
10-берене
Бул Макулдашуу Тараптардын алар катышуучу болгон башка эл аралык келишимдер боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
11-берене
Бул Макулдашууну колдонуу же чечмелөө боюнча талаштар жана кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана кеңешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет.
12-берене
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет, аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана башка Тараптын ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн башка Тарап алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин жарактуу болот.
13-берене
Бул Макулдашуунун өз күчүн жоготушу анын жоболорунун негизинде макулдашылган жана анын аракети токтотулган күнгө карата аяктай элек программаларды жана долбоорлорду Тараптардын аткарышына таасирин тийгизбейт.
20___- жылдын «___»___________ _________________ шаарында ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болсо Тараптар орус тилиндеги текстке таянышат.
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги үчүн __________________________ | Азербайджан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги үчүн _____________________________ |
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 14-июнундагы № 228-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ