Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 9-мартындагы № 59-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 18-сентябры № 88-р
1. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык фондундагы өкүлү болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн дайындоо жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |