Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 20-сентябры № 91-р

Көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Айдаркан Молдокуловдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

 

Муралиев А.М.

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

 

Садыков К.Ж.

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Плоских В.М.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Үмөталиев Э.С.

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;

 

Койчуев Т.К.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

 

Акматалиев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

 

Дыйканбаева Т.С.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору (макулдашуу боюнча);

 

Камчыбеков Т.К.

- Кыргыз экономикалык университетинин ректору;

 

Ормушев К.К.

- экономика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

 

Молдокулов С.А.

- А.М.Молдокуловдун уулу (макулдашуу боюнча).

 

2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева