Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-сентябры № 101-р
"Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомун андан ары өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын банк секторуна тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максаттарында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинде жайгаштырылган 750 (жети жүз элүү) миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын Немец өнүктүрүү банкы (КfW) тарабынан каржылануучу "Менчик ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү" программасы боюнча кайтарылып берилүүчү каражаттар) "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун саны 7500 (жети миң беш жүз) даана кошумча эмиссиясынын акцияларын бир даана 100 АКШ доллары (жүз доллар) баа боюнча сатып алуу үчүн бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүүгө катышсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |