Редакцияот 28.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 28-августу № 56-р

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын администрациялык-чарбалык башкармалыгынын № 58 "Жылдыз" бала-бакчасы" мектепке чейинки мекемесинин ишин уюштуруу республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына 15,4 (он беш миллион төрт жүз миң) млн. сом бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева