Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-сентябры № 85-р
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Түркменстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кеңсесин жайгаштыруу үчүн Ашхабад шаарында наркы 180 000 (жүз сексен миң) АКШ доллары турган кыймылсыз мүлк (батир) сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыймылсыз мүлктү (батирди) сатып алууга жана жол- жоболоштурууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги сатып алынган кыймылсыз мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги катары каттоого алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Түркменстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине кыймылсыз мүлктү (батирди) сатуу-сатып алуу келишимине сатып алуучунун атынан кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |