Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2008-жылдын 11-июлу № 354-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин турак жай проблемаларын чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине "SK Development" жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте үлүштүк катышуу боюнча Бишкек шаарынын "Жал" турак жай массивинин № 29 кичи районунда № 14-А, 14-Б, 11-Б турак үйлөрүн, курулуп бүткөн турак үйлөрдүн жалпы турак аянтынан 15 проценти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине акысыз өткөрүп берүүнү, курулуп бүткөн турак үйлөрдүн жалпы турак аянтынан 85 проценти "SK Development" жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп берүүнү караган келишимдин шартында курууга уруксат берилсин.
2. Бишкек шаарынын "Жал" турак жай массивинин № 29 кичи районундагы курулуш курууга жалпы аянты 5905,75 кв.м жер участогу менен курулушу бүтө элек № 14-А, 14-Б, 11-Б турак үйлөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин балансынан "SK Development" жоопкерчилиги чектелген коомунун балансына Бишкек шаарынын "Жал" турак жай массивинин № 29 кичи районунда № 14-А, 14-Б, 11-Б турак үйлөрүнүн курулушун аяктагандан кийин жана аларды эксплуатацияга берүүдөн кийин жалпы наркынан 15 процент өлчөмүндө бааланган үлүштүк салым катары өткөрүп берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер - министр | И.Чудинов |
|
|
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 13-июлундагы УӨ № 528 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТУ