Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-октябры № 117-р
«Систем Мухендислик Иншаат Санайи ве Тиджареттын» доо арызы боюнча чыгарылган Париж (Франция) шаарынын Жогорку инстанциядагы сотунун арбитраждык чечиминин аткаруу документи боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көз карашын иштеп чыгуу максатында:
1. Жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Байгончоков Мирланбек Конушбекович
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Сатаркулова Индира Сабатбековна
| - «Систем Мухендислик Иншаат Санайи ве Тиджареттын» доо арызы боюнча Кыргыз Республикасынн Өкмөтүнүн өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Дооталиев Улан Тимурович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыз кылуу жана экспертиза бөлүмүнүн соттордогу өкүлчүлүк секторунун башчысы; |
Ибраимов Рустам Израилович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук колдоо көрсөтүү башкармалыгынын сот органдары менен иштөө боюнча болүмүнүн башчысы; |
Денисов Роман Викторович
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы; |
Мурзакулов Тилек Бурхамидинович
| -Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык - укуктук бөлумүнүн начальниги; |
Бакиров Эркин Абыджанович
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкроттук иштери боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу.
|
2. Зарыл болгондо жумушчу топтун жетекчисине белгиленген тартипте министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттер менен консультанттарды ишке тартууга, убактылуу эксперттик топторду түзүүгө уруксат берилсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуручулук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |