Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-октябры № 150-р
1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарбасына жарактуу жерлерди айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүү менен байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун нарктык нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактардын ремонтун жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү максаттарында:
1. Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети 2010-жылда Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактарды 20 000 000 (жыйырма миллион) сом жалпы суммасына ремонттоону жана калыбына келтирүүнү жүзөгө ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы айыл чарбасына жарактуу жерлерди айыл чарбалык эмес муктаждыктарга үчүн алып берүү байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча акча каражаттарын топтоштуруунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин билдирмесине ылайык 20 000 000 (жыйырма миллион) сом төлөп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2010-жылга Республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агро өнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу белүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |