РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 164-р (Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган структураларынын жоюу баланстарын бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция05.11.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 5-ноябры № 164-р

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 7-майындагы № 33-р тескемеси менен түзүлгөн жоюу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча:

1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган төмөнкү структураларынын жоюу баланстары бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариаты;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган структураларынын иштери токтотулганын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

Р.Отунбаева