Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 13-январы № 6-б
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин Парламентин жайгаштыруу жөнүндө» Декретине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имаратты өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдан тартып чыгымдардын сметасы боюнча ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты күтүүгө республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына каражат карасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |