КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 14-январы № 9-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 5-пункту:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун» деген сөздөрдөн кийин «Кара-Суу-Дан-Азык» ачык акционердик коомунан башка» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Жооптуу сактоочу ишкана - «Кара-Суу-Дан-Азык» ачык акционердик коому 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген, 2011-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды сактоого койсун.».
Премьер-министри | А. Атамбаев |