Загрузка документа…
ВРЕМЕННОЕ ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2010-жылдын 1-июну № 421
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябры № 71-б буйругунун редакциясына ылайык)
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Каптагаев Э.С.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Садык Шер-Нияз
| - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Казакбаев Р.А.
| - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Өмүркулов И.Ш.
| - Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахманов С.У.
| - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу;
|
Олейниченко А.П.
| - Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Оторбаев К.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Мырзабаев Б.Н.
| - Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык округунун башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Токтосартов А.Т.
| - «Руханият» фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Коеналиев Т.К.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу;
|
Жакиев Б.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
|
Борбиев Н.Б.
| - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
|
Шаршенбаев М.С.
| - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Саламатов Т.С.
| - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору (макулдашуу боюнча);
|
Жумагулов М. | - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча);
|
Исаков С.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
|
Султанбаева А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябры № 71-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик администрациялардын 2010-жылга бюджеттеринин чегинде төлөнсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябры № 71-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |