Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 9-июну УӨ № 435
1. 2010-жылдын 16-20-июнунда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) боло турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 46-заседаниесине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Мамбетов Базарбай Эстебесович - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ЕврАзЭС жана КМШ иштери боюнча улуттук координатору, делегациянын башчысы,
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү,
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн эксперти,
Кошонов Рустам - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы
Анарбекович Элчилигинин экинчи катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ЕврАзЭС жана КМШ иштери боюнча улуттук координатору Мамбетов Базарбай Эстебесовичке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 46-заседаниесинде кабыл алынган чечимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдарды төлөө командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы N 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |